Бишкекте 25-27-майда эл аралык “Айыл-Агро-2016” агро өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, быйыл көргөзмөгө 20 өлкөдөн 32 ишкана-заводдордун өкүлдөрү келип, өздөрүнүн айыл чарба техникаларын коюшат. Бул ирет дүйнөгө белгилүү "Класс", "Лемкен", "Жон Дир", "Гримме", "Амазоне", “Россельмаш”, МТЗ, “Гомсельмаш”, "Клевер" жана башка бренддердин шаймандары, минералдык жер семирткичтер, биотехнология, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу заттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар, ошондой эле айыл чарбасындагы жаңы технологиялардын үлгүлөрү көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзөт.
Иш-чаранын алкагында 25-майда төртүнчү улуттук агрардык форум уюштурулат. Анда бул тармакка инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү талкууланат.
26-майда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик-техникалык лицейде "Биологиялык жер иштетүү" деп аталган семинар болуп, айыл чарба министрлиги экологиялык таза продукция өндүрүү боюнча жаңы технологияларды сунуштайт. “Айыл-Агро-2016” көргөзмөсү быйыл төртүнчү ирет уюштурулууда. Ага Кыргызстандан 7 миңден ашык адам келери болжолдонуп жатат. (NT)