Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 21-майда Бишкекке келди. Расмий сапарынын алкагында ал 22-май күнү президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугат. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.
Ван И 21-24-май күндөрү Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Ал Кыргызстандан тышкары Казакстанда жана Өзбекстанда болот. Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин саммитине катышат.(ZKo)