Жалал-Абадда бүтүрүүчүлөр үчүн дин сабактары өтүүдө

Иллюстрация

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына УКМК жана казыяттын өкүлдөрү биргелешип дин, түрдүү диний агымдар боюнча ачык сабак өткөрүп жатышат.

УКМКнын облустук башкармалыгынан "Азаттыкка" билдиргедей, ачык сабактарда дин түшүнүктөрү, "Ханафий" маскабын кармануу, Сирияда болуп жаткан согуш жана кайсы бир диний экстремисттик топторго азгыруулар боюнча окуучуларга кеңири маалымат берилүүдө. Анткени, адистердин айтуусунда, мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр чет мамлекеттерге чыкканда, окуу жайга тапшырганда туура багыт алууга көмөк берүү зарыл.

Бүгүнтөн башталган ачык сабактар шаардагы №2 жана №7 мектептерде өтүп, башка жерлерде да улантылат. (RsK)