Украин Жогорку Радасы декоммунизация мыйзамынын алкагында Днепропетровск шаарын Днепр деп өзгөрттү. "Бул үчүн 247 депутат добуш берди" деп кабарлайт “Украинская правда” агенттиги кабарлады.
Мыйзам долбоорунун автору, "Петр Порошенко блогунун" депутаты Андрей Денисенко 1926-жылы Екатеринослав шаары Григорий Петровскийдин урматына коюлганын белгиледи. Бирок, Киев апелляциялык соту аны украин элине кыргын уюштургандардын бири деп тапканын кошумчалады.
Ошондой эле бүгүн Днепрозержинск шаары мурдагы Каменское атына кайра өзгөртүлдү.
Мындан тышкары Рада дагы бир топ калктуу пункттардын атын өзгөрткөн.
Май айында депутаттар Донбасстагы 74 жана Орусия аннексиялаган Крымдагы 75 элдүү пункттун атын алмаштырууну чечишкен.