ИИМ: Москвада мекендештеринин маянасын жымырган кыргыз жараны кармалды

Москва

Москвада кыргызстандык жаран өз мекендештеринин айлык маянасына деген ири суммадагы акчаны жымырып алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ички иштер министрлиги кабарлоодо.

Милициянын маалыматына караганда, 41 жаштагы жаран 16-майда Москва полициясы менен бирге жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында колго түшүрүлдү.

Ал 673 миң рубль акча менен качып кетүү аракетин жасаганы айтылууда.

Бул сумма Москвада курулушта иштеген 45 кыргыз жаранынын айлыгы болчу.

Бейрасмий маалыматка караганда, учурда миллионго жакын кыргызстандык Орусияда жана Казакстанда эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын көбү курулушта, соода сатыкта эмгектенет. (RK)