Мындай билдирүүнү БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын өкүлү Руперт Колвилл жасады. Ал Крым татар межилиси “экстремисттик уюм” катары таанылып, анын ишине тыюу салынышына кабатыр болуп, Кремлди Крымдагы кысым саясатын токтотууга үндөдү. Ошондой эле бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши токтотулуп, тинтүүлөр, суракка алуулар жана камоолор күчөп жатат деген бушаймандыгын да жарыялады.
Бүгүн крым татарлардын Сталиндин буйругу менен Орто Азия, Сибирь жана Уралга мажбурлап көчүрүлгөнүнө 72 жыл толду.
1944-жылдын 18 - 20-майында 200 миңге чукул татарлар Крымдан күчтөп көчүрүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, 200гө жакын адам жолдо каза тапкан.