Жаныбек казынын өмүр жолу сахнада

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын түштүгүндө элдин боштондук кыймылын жетектеген Жаныбек казы Сагынбай уулу советтик бийликтин жергиликтүү калкка карата жүргүзгөн катаал жана өзүмбилемдик саясатына каршы чыккан көрүнүктүү инсандардын бири болгон. 16-майда көрүүчүлөр анын элесине арналган спекталди Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын сахнасынан көрүштү.