2017-жылдан тарта Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргыз тили боюнча милдеттүү түрдө тест тапшырат. Бул тууралуу бүгүн Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.
Бүгүнтөн тарта 20-майга чейин Бишкектин орто мектептериндеги 10-класстын окуучулары тесттин алгачкы сынагынан өтүп жатышат.
Бүтүрүүчүлөрдүн кыргыз тилинин лексикасы менен грамматикасын туура колдонуу, окуу, түшүнүү, оюн оозеки жана жазуу түрүндө түшүндүрө билүүсү бааланат.
2017-жылдан тарта мектеп бүтүрүүчүлөрү кыргыз тилинен тест тапшырууга милдеттүү деген программа өкмөттө 2014-жылы кабыл алынган. (RK)