Армения менен Азербайжан президенттери Венада жолугушат

Армения менен Азербайжандын президенттери, 2013-жыл.

Армения менен Азербайжан президенттери Тоолуу Карабактагы ок атышпоо режимин талкуулоо үчүн 16-май күнү кечинде Венада жолугушат. Серж Саргсян менен Илхам Алиев Тоолуу Карабакта апрель айында тутанып, бир нече кишинин өмүрүн алган чыңалуудан кийин алгачкы ирет кездешет.

Жолугушууга АКШ, Орусия, Франциянын да дипломаттары катышат.

Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалы 1990-жылдан башында чыгып, аймак Ереванга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн. Быйыл 2-апрелде абал кайрадан курчуп, салгылашууда эки тарап тең бир нече аскерин жоготту. 5-апрелде тараптар ок атышууну токтотуу жараянын кабыл алса да, келишим толук сакталбай келет.