Сузактын Жалгыз-Жаңгак айылында жер көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Сузакта буга чейин да жер көчкү болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта кооптуу жайда турат делген 13-үй-бүлөнүн бешөө башка жерге көчүрүлүүдө. Бул 13 үй-бүлө 1994-98-жылдары коопсуз жайга көчүү үчүн мамлекеттен ссуда жана жер тилкелерин алып, бирок кооптуу аймактан көчпөй, кала беришкен.

Ошондой эле бүгүн Сузактагы Алмалуу-Булак айылынан жер көчкү коркунучунан улам 70 үй-бүлө көчүрүлдү. Бул айылда жалпы 143 үй-бүлө жашайт. Бир нече ай ичинде алардын бардыгы башка жерге орун которот.

Алмалуу-Булак айылында май айынын башында бир нече ирет жер көчүп, анын кесепетинен бир өспүрүм каза тапкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында Кыргызстан боюнча кооптуу аймакта жашаган 10 миң үй-бүлө катталган. Алардын дээрлик бардыгы мамлекеттик ссуда, жер тилкелерин алышкан. Арасынан үч миңдейи эскертүүлөргө карабастан кооптуу аймакта кала берүүдө. (AzK)