Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
Маалыматка караганда, 15-майга караган түнү, саат эки жарымдар чамасында катуу жааган жаандан улам Токтогул районундагы Тактык жайлоосунда сел жүргөн. Азыр чыгымдарды тактоо боюнча Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү аймакта жүрөт. (AzK)