“Элдик парламенттин” кармалган мүчөлөрү эки айга камалды

Бекболот Талгарбеков жана Төрөбай Колубаев,

Бекболот Талгарбеков жана Төрөбай Колубаев,

Уюмдун лидери Бекболот Талгарбековдун адвокаты Тимур Жанаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов эки айга камалып,12-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында калды.

Биринчи Май райондук сотунда кечээ 13-майда кармалган Нурлан Мотуевдин да баш коргоо чарасы каралууда. Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуев 12-майда өткөн "Элдик парламенттин" жыйынында өлкөгө шарият мыйзамдарын киргизип, Кыргызстанда тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочуларындай жашоого үндөгөнү айтылган. (AzK)