Министр Нуржигитке жаңы араба берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тубаса майып, алты жаштагы Нуржигитке балдар үчүн атайын арабаны социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өз колу менен тапшырды. Буга чейин Нуржигит өзүнүн чоң арабасына отуруп, башкара албаганы үчүн, сыртка чыкканда тепшиге байланууга аргасыз болгон. Нуржигиттен кабар алганы Саламаттык сактоо, Билим берүү жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери барды. Алар Нуржигиттин муктаждыктарын аныктап, берилүүчү жардамдар боюнча маалымат алып келишти. Ошондой эле Нуржигитке жардам берүүнү каалагандар көп болгондуктан, анын апасы Миргуль Сагынбек кызынын атына АКБ-Кыргызстан банкында атайын эсеп ачылды: SWIFT: KYRSKG22, BIC: 103001, эсеп номуру: 1030120206683790