“Элдик парламент” мүчөлөрүнүн баш коргоо чарасы качан каралары белгисиз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен “Азаттыкка” билдиришкендей, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

12-майда кечке жуук “Элдик парламент” уюмунун лидери Бекболот Талгарбековду жана дагы эки мүчөсү: Марат Султанов менен Төрөбай Колубаевди УКМК кармаган. Алар мамлекеттик бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган, коомдук кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөгөн деп шектелүүдө. Ошол эле күнү түшкө чейин "Элдик парламент" мүчөлөрү форум өткөрүп, анда президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, кетпесе 17-майда масштабдуу митинг өткөрөрүн, “Элдик парламентти” орусиялыктар колдой турганын айтышкан.(ZKo)