Бала бакча башкарууда мыйзам бузууга айыпталып, иштен айдалган классташын Ош шаарынын башчысы калкалап жатат деп билдирди “Азаттыкка” Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын юристи Гүлчоро Максутов:
"Орозгүл Бектанова Ош шаардык билим берүү башкармалыгына 63 миң сомдон ашык зыян келтирген. Ошол аныкталса да биз аны иштен айдай албай жатабыз. Буга мэр тоскоолдук кылып жатат. Көрсө Бектанова мэр Кадырбаевдин классташы экен. Биз аны иштен бошотуу боюнча буйрук чыгарган элек. Ага болбой эле шаар мэри биздин жетекчини чакырып, кысымга алып жатат да", - деди Максутов.
Буга чейин Оштогу «Байчечекей» бала бакчасынын жетекчиси Орозгүл Бектанованы өз кесиптештери наристелерге курттаган тамак бердиргенин, кызматкерлерди мыйзамсыз иштен алганын белгилеп, айыпташкан болчу. Шаар бийлиги бакча жетекчиси менен мэрдин жакындыгын четке каккан.
Бул иш боюнча соттук териштирүү 20-майга белгиленген. (YI)