Түлеев күнөөсүн мойнуна алдыбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үч жылдан бери абакта отурган Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев 7-май күнү мөөнөтүнөн мурда абактан бошоду. Коррупцияга байланыштуу камалган Түлеевдин эркиндикке чыгышы саясий чөйрөдө кызуу талкууга жем таштады. Бир тарабы экс-мэрдин бошотулушун туура көрсө, экинчи тарап бул окуя бийликтин коррупция менен күрөшүүдөгү тандамал саясатын көрсөтүп койгонун билдирүүдө. Түлеев өзү актыгын далилдөө үчүн кайра соттошорун, эл аралык сотторго чейин кайрыларын айтууда.