Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, үч киши набыт болду

Дагы тогуз киши жаракат алышты. ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 11-майда саат 15:00 чамасында Балыкчы-Каракол жолунда бараткан эки автоунаа кагышкан. Кырсык болгон жерде бир киши набыт болду. Кагышкан автоунаалардын биринин айдоочусу 26 жаштагы Урмат Митиреев менен анын жүргүнчүсү 77 жаштагы Тамара Мун Чолпон-Ата шаардык ооруканасында көз жумган.

Ушул тапта аталган оорукананын реанимация бөлүмүндө оор абалда төрт киши жатат. Ал эми бир аз жеңил жаракат алган беш киши оорукананын хирургия бөлүмүндө.(ZKo)