Жаз айы жамгыр басылбай...

Ушул күндөрү кол чатырсыз сыртка чыгуу мүмкүн эмес. Чоң-кичине дебей "керектүү таштын оордугу жок" деп кол чатырларды жанында алып жүрүшөт.

Тынбай жааган жамгырдан шаардагы каналдарда суунун деңгээли көтөрүлдү.

Арыктар өз убагында тазаланбагандыгынан көнөктөп жааган жамгырдан короолорду суу каптоодо. 

Көпчүлүк жаңы конуштарда көчөдөгү ылайдан улам жөө басуу кыйла кыйынга айланды.

Апрелдин аягы, майдын башынан бери жаан-чачын нормадан көп болгонун метеорологдор айтышууда.

Мындай жаанчыл аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин оорлотуп, жайыттарда малга да кыйынчылык туудурат.

Тилекке каршы жаандуу күндөрү автокырсыктардын саны көбөйөт.