Суусамырдагы Курут борбору

Бул жай акыркы эки жылда эле кадимки курут борборуна айланды. 

Барниса Мамбетованын он саан ую бар. Бирок Суусамырда сүткө талап жок. Ошондуктан ал сүттү курутка айлантып сатуунун жолун тапкан.

Болжол менен бир сатуучу күнүнө 10 киллограмга чейин курут сата алат.

Бул жерде туздуу, тузсуз, кайнатылган жана чөөгө кошулган ар кандай формадагы куруттун түрлөрү сатылат.

Жолоочулар да курут борборго токтоп, соода кылууга көнүп калышкан.

Көбүнесе кардарлар Бишкек-Ош жолундагы жолоочулар.

Башка жерден таппаган курутту ушул борбордон табуу мүмкүнчүлүгү чоң.

Куруттан тышкары сатуучулар кымыз, сары май, бал да сатышат.