Кыргызстанда 10-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 14...19
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25
Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 16...21
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18
Бишкекте 10-майда катуу жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13 градус, күндүз 17...19 градус болот. (AzK)