Иш-чараны уюштуруучулардын айтышынча, катышуучулардын колоннасы 2 чакырымга дейре созулду. Алар Түштүк магистралдан Жеңиш аянтына чейин согушта курман болгон жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп келип, “өчпөс отко” таазим кылышты.
“Өлбөс полк” акциясы алгачкы ирет 2014-жылы уюштурулган. Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 365 миң киши катышып, алардын 114 833 кайтып келген эмес. Быйылкы Жеңиш күн салтанаттарына 821 согуш ардагери күбө болушту. (AzK)