Баткенде катуу шамал бак-дарактарга зыян келтирди

Шамалдан кийин.

9-майда таңкы саат төрттөрдө болгон катуу шамал Баткен жана Лейлек райондорунда бак-дарактарга өзгөчө зыян келтирди. Анын кесепетинен бактар сынып, турак-жайлардын чатырлары учкан. Алдын-ала маалыматтарга караганда, катуу шамал өрүк, алма, гилас мөмөлөрүнүн 5 пайызына зыян келтирген.

Ушул тапта жарандык коргоо комиссиясы жеринде келтирилген чыгымды тактоо менен алек болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” билдиришинче, Лейлек району менен Сүлүктү шаарында шамалдын ылдамдыгы секундуна 28, Баткен районунда 15 метрге чейин жеткен. (AzK)