Орусияда дүйнөлүк хоккей чемпиондугу башталат

Орусия хоккейчилери.

Бүгүн, 6-майда Москва жана Санкт-Петербург шаарында ар жылкы дүйнөлүк хоккей чемпиондугу башталат. Ага 16 өлкө катышат.

Катышуучулар эки топко бөлүнүшкөн. Москвада беттешчү А тайпасына Орусия, Швеция, Чехия, Швейцария, Латвия, Норвегия, Дания жана Казакстан курамалары кирет. Б тайпасындагы Канада, Финляндия, АКШ, Словакия, Беларус, Франция, Германия жана Венгрия тандалмалары Санкт-Петербургда таймашат.

Дүйнө биринчилиги 22-майда жыйынтыкталат.

Эгер бул чемпиондукта орусиялык хоккейчилер утушса, бул алардын өз үйүндө 1986-жылдан берки биринчи жеңиши болмокчу. Орустардын негизги атаандашы Канада болушу ыктымал. Өткөн жылы Канада финалда Орусияны уткан.