Тажикстан: президентке кол салууга шектелгендер соттолду

Эмомали Рахмон.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду өлтүрүүнү көздөгөн деп шектелген эки жаранга байланыштуу соттук териштирүүлөр 5-майда аяктады. Дүйшөмбүнүн тургундары Дилафруз Холова күнөөсүн толугу менен моюнуна алгандыктан сегиз жарым жылга, ал эми Иззатулло Фузайлов 10 жылга эркинен ажыратылды.

Сот аларды Кылмыш кодексинин 187-беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, бул жарандар өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топтун тапшырмасы менен былтыр сентябрда Вахдаттагы сапары учурунда Эмомали Рахмондун өмүрүнө кол салып, Хожент менен Вахдатта жардыруу уюштурууну максат кылган. Бирок, сотто айыпталуучулар жогорку тапшырманы аткаруу үчүн керектүү курал менен "Ислам мамлекети" уюмунун байрагын таба албай койгону, бул ишке милициянын атайын бөлүгүнүн мурдагы командири, былтыр майда Сириядагы согушкерлерге кошулуп кеткен Гулмурод Халимовдун катышы бардыгы тууралуу маалымат айтылды.

Эмомали Рахмондун өмүрүнө 1997-жылы Хожентте кол салуу болгон. Анда президент, анын жансакчылары, ички иштер министри Якуб Салимов жараат алганы айтылган.