Москвада кыргызстандыктарга кол салган кылмыштуу топ кармалды

Полиция жайы.

Москвадагы метро вагондорунун биринде кыргызстандыктарга кол салган төрт орусиялык кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Москва метросундагы ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Алексей Мишляев билдирди. Анын айтуусунда, окуя 18-апрелде кечинде болгон.

Ур-токмокко алгандар 5-майда кармалып, жандарынан аңчылык бычагы, электрошокер табылган. Сурак учурунда алар кылмышын мойнуна алышкан.

-Жабыркагандардын экөө тең Кыргызстанда төрөлгөн. Кыргыз улутундагылар. Ыкчам иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери аларды ур-токмокко алган деген шек менен төрт кишини кармады. Алгач 213-берененин 2-бөлүгү менен “адамдар тобунун бейбаштыгы” деген негизде кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө жашы жетелектер болгондуктан мындан аркы иш Тергөө комитетине өткөрүлүп берилди, – деди Мишляев.

Бир топ орусиялык маалымат каражаттары полициядагы булактарына таянып, такырбаштар мигранттарга улутчул негизде кол салганын, телефондорунан улутчулдук белгисинде колун көтөрүп түшкөн сүрөттөрү табылганын жазышкан. Бирок, Мишляев муну четке кагып, аларды футбол фанаттары гана деп атап, кылмышка түрткөн себептер тергөөдө аныкталарын кошумчалады.