АКШ менен Орусия Алепподо ок атууларды токтотууну макулдашты

Алеппо, 3-май, 2016-жыл.

Москва менен Вашингтон Сирияда ок атууларды токтотуу келишимин кеңейтип, акыркы учурда катуу согуш жүрүп жаткан Алепподо тынчтык орнотууну макулдашты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти 4-майда жарыялады. Маалыматка караганда, эки тарап тынчтык жараянын кеңейтүү аракеттерине кылдат байкоо салуу тууралуу да келишти. "Кремль Сирия президенти Башар Асадды Алеппого сокку урууну токтотууга көндүрүүгө аракеттенет. Ал эми АКШ оппозиция менен сүйлөшүп, аларды эпке келтирүүгө умтулат", – деп айтылат Американын тышкы саясат боюнча мекемесинин билдирүүсүндө.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү элдешүү жараяны 5-майга караган түнү, Сирия убактысы менен түнкү саат 1де күчүнө киргенин ырастады. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги тынчтык келишими 48 саатка созуларын жана 6-майга чейин түзүлгөнүн кабарлады.

Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарында салгылашуу эки жумадан бери уланууда. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча борбор акыркы күндөрдө Алеппо шаарындагы кагылышуулардан ондогон адамдын өмүрү кыйылганын маалымдады.

Акыркы салгылашууларды эки жыл ичиндеги Алепподогу эң ырайымсыз согуш катары баалады.