Шаардагы “Динамо” спорт клубунда республиканын бардык облустарынан куралган 6 команданын оюндары 4-майда башталды. Кыргызстан футзал лигасынын президенти Ырыскелди Мусаевдин маалымдашынча, беттештер 6-майга чейин уланып, соңунда өлкө чемпиону аныкталат.
Өткөн айда ушул эле спорт клубда лигалык оюндар өтүп, анда Оштун командасы жеңишке жеткен. (RsK)