Баш мыйзам кабыл алынганына 23 жыл толду

Баш мыйзам майрамын белгилөө.

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 23 жыл толду. 1993-жылы 350 депутаттан турган "легендарлуу парламент" эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алган. 1994-жылы ал өзгөртүлүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Баш мыйзам андан кийин 1996, 1998, 2003, 2006, 2010-жылдары өзгөртүлдү.

Бийлик башындагылардын аны өз кызыкчылыгына жараша, каалагандай өзгөрткөнү эки ыңкылапка алып келген. 5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам болуп саналат.

Өлкөдө Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө 2020-жылга чейин тыюу салынган. Бирок акыркы учурда аны өзгөртүү демилгелери көтөрүлүп келет. Кечээ президент Алмазбек Атамбаев орусиялык “Интерфакс” агенттигине курган маегинде Конситуциядагы улуттук суверенитет жана коопсуздукка коркунуч туурдурган беренелерге өзгөртүү киргизүүнү колдой турганын билдирип, ошол эле учурда мамлекет башчы, парламент жана өкмөттүн ортосундагы ыйгарым укуктарга тийишпөө керек деген оюн ортого салды. (NT)