Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Базар.

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери 79 жолу картошканын оорусу катталган.

“Казак тарап Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишимге жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча конвенцияга ылайык, 4-майдан тарта Кыргызстандан картошка киргизүүгө тыюу салды”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Казакстан тарап буга чейин кыргыз бийликтерине ар кандай өсүмдүк илдетине карата чара көрүү боюнча кайрылуу жөнөткөнүн белгилеген.

Бул иш боюнча Кыргызстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек.(BkA)