Ала-Букада мектеп окуучусу өз жанын кыйды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов мектебинин 8-классынын окуучусу өз жанын кыйды. Мындай маалыматты окуучу окуган мектептен тастыкташты. Маалыматка ылайык, 1-майда аны асынып калган абалда табышкан. Учурда окуучунун өлүмүнүн себеби иликтенүүдө.

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери төрт окуучу өз жанын кыйган. (BkA/RsK)