Алепподо ок атууну токтотуу БУУда каралат

Сириянын Алеппо шаары, 3-май

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 4-майда жыйын куруп, Алепподо ок атууну токтотуу келишиминин бузулушун талкуулайт. Улуттар Уюмунун аракетине карабай Сириянын экинчи чоң шаарында акыркы кезде атышуулар көбөйүп баратат. Британия жана Франция кырдаалды Коопсуздук кеңеште талкуулоону сунуштады. Орусия да өз кезегинде ок атууну токтотуу аракетин жасап жатканын билдирди.

Жакында эле Алепподо госпиталды ракета менен аткылоодон катардагы жарандар набыт болду. Коопсуздук кеңештин 15 мүчөсү Улуттар Уюмунун саясий маселелер боюнча өкүлү Жефри Фельтмандын Сирия, анын ичинде Алепподогу абал боюнча маалыматын угат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-майда БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стефан де Мистура менен жолугушууда Алепподо тынчтыкка жетишүү аракети күчүндө экенин билдирди. (AiT)