Бишкек финансы-экономикалык академиясынын (БФЕА) командасы Түндүк Кипрде өткөн издөө жана куткаруу боюнча (IUSARC) студенттер арасындагы эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" команданын өкүлү Нурзат Сагынова билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш 25 - 30-апрель күндөрү өтүп, ага 10 өлкөдөн (Түркия, Орусия, Польша, Индия, Индонезия, Сомали, Казакстан ж.б.) 20 команда катышкан. Мелдештер 5 баскычта өткөрүлүп, катышуучулар "барчу жерди табуу", "урандылар алдынан куткаруу", "учакта жардам көрсөтүү", "түнкү ачык мейкиндикте барар жерди аныктоо", "жол кырсыгынан куткаруу жана тез жардам көрсөтүү" боюнча жарышкан.
Жыйынтыгында Бишкек финансы-экономикалык академиясынын командасы байгелүү биринчи орунду ээлеген. Экинчи катарга Түндүк Кипр, үчүнчү орунду Пакистандын командасы алды.(ECh)