Боливия: бийиктеги аялдар

Бул аялдар альпинисттер токтогон тоолордогу станцияларда ашпозчу жана тигүүчү болуп иштеген. Эки жыл мурда анын баары өзгөрдү. 

 

Эки жыл мурда бул аялдар өзүн альпинист катары сынап көрүүнү чечишкен. 

Альпинист аялдардын жаш курагы 42ден 50гө чейин. 

"Биринчи жолу биз Уайна Потосиге (Андыдагы деңиз деңгээлинен 6 километр бийик тоо) чыктык. Мен ыйладым. Бирок мен күчтүүмүн. Мен бардык сегиз чокуга чыгышым керек" дейт 50 жаштагы Дора Магуэньо.
 

Улуттук кийимдер көлөмдүү болгондуктан аскага чыгууга жолтоо болот. Бирок аялдар андан баш тарткысы келбейт.

Абанын басымына чыдоо үчүн альпинист аялдар кокинин жалбырагын чайнашат. Мындай адат башка жашоочуларга да жайылган. 

Альпинист аялдар дагы беш чокуга чыгууну көздөшөт. 

Команданын планында Аргентина менен Чилинин чек арасында жайгашкан контингенттеги эң бийик зоока - Аконкагуа чыгуу. Ал деңиз деңгээлинен 7 километр бийик. 
 

Сүрөттө (солдон оңго карай) 42 жаштагы Домитила Алана, 48 жаштагы Берта Ведиа, 48 жаштагы Лидия Хайлас жана 50 жаштагы Дора Магуэно.
 

Сүрөттө  – Уайна Потоси тоосу. Боливияда аскага чыкканды сүйүүчүлөр ага сөзсүз барышат. Дал ушул жерде Аймардын альпинист аялдарынын командасы түзүлгөн.