Түрк парламентинде мушташ чыкты

Түркия парламентинде укук коргоо органдарынын террорчулукка каршы ишин талкуулоо учурунда жаңжал чыгып, мушташка айланды.

Күрдчүл Rudaw сайты билдиргендей, окуя башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен өлкөдөгү күрттөрдүн кызыкчылыгын коргогон Демократиялуу элдер партиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда 28-апрелде болгон.

Демократтардын мүчөсү Ферхат Энжу жыйында укук коргоо органдары террорчулукка каршы операцияларында жайкын тургундар мерт болуп жатканын билдирген. Анын сөзү башкаруучу партиянын өкүлдөрүнүн кыжырына тийип, алар аны террорчу деп аташып, айрым депутаттар кол көтөрүп жиберген. Натыйжада мушташ чыгып, айрым эл өкүлдөрү арачылап калышкан.