Бул тууралуу “Азаттыкка” курулуштун башкы инженери Авазбек Чалакеев билдирди. Анын айтымында, курулуштун акча маселеси чечилбегендиктен, жумушчулар иш таштады. Жумушчулар өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Ысык-Көлгө барганда жолуга албай калышкан.
"Акча маселеси чечилмек, күтүп атабыз, ошону айтып суранган күндө деле болбой ишти ташташты. Эми чечилип калса кийинки айдын ондорунда, майрам күндөрүнөн кийин башталат", - дейт башкы инженер.
Буга чейин да жолчулар айлык маяналары маалында төлөнбөгөндүктөн эки ирет иш ташташкан.(AsM)