Орусия соттогон украин учкучунун сиңдиси мекенине кайтты

Вера Савченко.

Орусияда абакта отурган эжесине барган Вера Савченко Украинанын аймагына өткөнүн бир аз мурда президент Петро Порошенко өзү билдирди. Ал бул тууралуу Twitter социалдык тармагындагы баракчасында жазып чыкты.

Мурдараак Украинанын расмий өкүлдөрү Орусиянын чек арачылары Савченкону ал чек арадан украин дипломаттарынын автоунаасы менен өтүп жатканда кармап, паспортун алып коюшкан билдиришкен. Вера Савченкого ал айыпталуучу катары федералдык издөө салынгандардын тизмесинде экени айтылган.

Расмий Киев кырдаалды териштирүү үчүн чек арага Украинанын Ростов-на-Дону шаарындагы башкы консулу Виталий Москаленкону жөнөткөн болчу.

Вера Савченконун эжеси, украиналык аскерий учкуч Надежда Савченко орусиялык эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деген айып менен 22 жылга соттолгон, бирок ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Надежда Савченконун сиңдиси чек арада кармалар алдында маалымат агенттиктери аны Украинага экстрадициялоо боюнча процедуралар башталганын кабарлашкан. (UE)