Парламенттин бүгүнкү жыйынында оппозициялык “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов жоюлуп кеткен Энергетика жана өнөр жай министрлигин кайра түзүү керектигин жаңы премьер-министр Сооронбай Жээнбековго сунуштады. Анын айтымында, жаңы түзүлгөн "Улуттук энергохолдингдин" ишинен натыйжа чыкпай жатат. Бабанов мурдагы премьер Темир Сариевдин учурунда аталган министрликтин жоюлушу туура эмес болгонун белгиледи.
Ал эми өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагы көйгөйлүү экенин айтып, андагы маселелерди чечүү үчүн мурда башталган ишти улантуу керектигин, холдингдин иштөөсүн колдоп берүүнү сурады.
«Улуттук энергетикалык холдинг» ачык акционердик коому былтыр жыл соңунан тарта ишке киришкен. Өкмөттүн чечими менен Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, энергетикалык компаниялар бул холдингге бириктирилген. Муну менен тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңүү аракети көрүлүп жатканы айтылган. Январда жаңы түзүлгөн мекеменин директору болуп Айбек Калиев дайындалган эле. (NT)