Трамп: Президент болсом Москва менен алаканы оңдойм

Дональд Трамп

АКШ президенттигине Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп эгер шайлоодон утса Орусия жана Кытай менен мамилени оңдойт.

Вашингтондо кечээ тышкы саясат тууралуу сүйлөп жатып ал АКШ Орусия менен олуттуу карама-каршылыкта болуп жатканын айтып, Москва менен Ак үй ортосундагы чыңалууну басаңдатса болорун билдирди.

- Акыл-эстүүлүк жагынан алып караганда, Орусия менен азыркыдай карама-каршылык цикли токтотулушу керек. Канчалык тез токтосо, эки өлкөгө тең ошончолук жакшы болмок. Айрымдар «Орустар эстүүлүк кылбайт” деп айтып жатат. Бирок мен муну карап чыгышым керек. Эгер эки өлкө үчүн бирдей маанилүү чечим кабыл алуу мүмкүн экенине көзүм жетпей баратса сүйлөшүүдөн чыгып кетсем деле болот. Бул өтө жөнөкөй, - деди Трамп.

Ал ошондой эле АКШнын союздаштарын “өз коопсуздугу үчүн тиешелүү салымын кошпой жатат” деп сындады жана НАТОнун башка мүчөлөрү чыгашасын активдештириши керектигин, болбосо Вашингтон алардан өз коопсуздугу үчүн өзүлөрү аракет кылуусун талап кыларын айтты.

69 жаштагы Дональд Трамп учурда республикачылардан талапкерлер арасында биринчи келатат.

Быйыл ноябрда АКШ 58-президентин шайлайт. (RK)