Тоолуу Карабакта дагы бир этникалык армян жоокери өлдү

Армения колдогон Тоолуу Карабак бийлиги 27-апрелде дагы бир жоокерин Азербайжан күчтөрү өлтүргөнүн маалымдады. Бир күн мурда эки жоокери окко учканын маалымдашкан болчу.

Азербайжан тарап жикчилдерге карата ок атканын ырастап, бирок ал жооп иретинде болгонун айтууда. Интерфакс жана ТАСС агенттиктери кабарлагандай, Баку Тоолуу Карабактагы жикчилдер акыркы бир суткада 120 жолу ок атканын айтууда.

1994-жылы жетишилген ок атууну токтотуу келишими апрель айынын башында бузулуп, Тоолуу Карабакта эки тараптын катуу кагылышуусу болуп кеткен. Москванын ортомчулугу астында ок атууну токтотуу 5-апрелде кайрадан макулдашылган. Бирок эки тарап тең ал макулдашуу бузулуп жатканын билдирүүдө.