"Евробиримдик Кыргызстанды колдоону күчөтөт"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Евробиримдик Кыргызстандын негизги каржылык донору бойдон калмакчы. Кыргызстанга берилип келген каржылык жардамдын көпчүлүгүн кайтарымсыз гранттар түзөт. Мындан сырткары жакында Кыргызстанга Европа инвестициялык банкынан жеңилдетилген шартта насыя берүү боюнча макулдашууларга кол койулары күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын европалык стандартка тууралоо, товарларды текшерүү үчүн Евробиримдик Кыргызстанда лаборатория курууга көмөктөшө турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлү Питер Бурьян “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.