Украина элчиси: кыргыз бийлигинен жооп келе элек

Украина Крымга мигранттарды жиберүү боюнча нааразылыгына Кыргызстандан жооп күтүүдө. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, элчилик расмий Бишкек баарын таразалап, Украинанын аймактык бүтүндүгүн эске алуу менен терең талдап чечим кабыл алат деген үмүттөнүп жатат. Ошол эле маалда эгерде Кыргызстан 500 жаранды Крымга жумушка орноштура турган болсо, бул аракет аталган жарым аралды Орусиянын аймагы катары таанууга жатат деп баалай турганын билдирди.

Кыргызстандын Миграция кызматы 21-апрелде Крымдагы Ялта-Интурист мейманканасы менен 500 жаранды жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган. Украина элчилиги Миграция кызматынын Крымга жарандарды жумушка орноштуруу аракетин өнөктөш эки мамлекеттин кызматташтыгына доо кетириши мүмкүн деп баалап, Тышкы иштер министрлигине нааразылык катын 21-апрелде жолдогон.

Миграция кызматы болсо келишим мамлекет менен эмес, жеке ишкана менен түзүлгөндүктөн, ага саясий боёк берилбеши керектигин, Крымга иштегени баруу жарандардын өз эркине байланыштуу экенин “Азаттыкка” билдирген. (NT)