Лейлекте сел чайып кеткен жол тазаланды

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 24-апрелдеги жаандан улам сел жүрүп, Исфана-Андарак-Көк-Таш унаа жолун сел чайып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, азыркы кезде жол толугу менен тазаланып, ачылды. Апрель айы жаан-чачындуу болгондуктан, аталган мекеме селдин алдын алуу үчүн арыктарды өз убагында тазалоого элди чакырууда. (NT)