Өкмөт социалдык-экономикалык абалды талкуулайт

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өкмөттүн жыйыны өтөт. Анда социалдык-экономикалык абал, жер-жерлердеги аткаруу бийлигинин натыйжалуулугун баалоо, суу ресурстарын туура пайдалануу жана ирригациялык системанын жазгы талаа иштерине даярдыгы, экологиялык коопсуздук маселелери талкууланат.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (RK)