Климатты өзгөртүү боюнча Парижде жетишилген келишимге кол койгон өлкөлөрдүн ичинде Борбор Азиядан Ооганстан менен Тажикстан гана бар. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан жок.
Былтыр декабрда Париждеги саммитте жетишилген келишимге 22-апрелде БУУнун баш кеңсесинде кол коюлган. Ал жерге дүйнөнүн 175 өлкөсүнүн өкүлдөрү чогулушкан.
Климаттын өзгөрүшүнө арналып, өткөн жылы 1-декабрда Парижде өткөн саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев катышкан. Кыргызстан анда абага зыяндуу заттарды чыгарууну 30% чейин азайтууга сөз берип, Нарын дарыясына ГЭСтерди курууга көмөктөшүүгө дүйнөлүк коомчулукту чакырган эле. Климаттык саммитте 200дөй өлкө тарабынан жактырылган келишимдин максаты - абанын глобалдык температурасындагы орточо өсүштү 2100-жылга карата индустриалдык доорго чейинки орто көрсөткүч деңгээлинен 2 Цельсий градустан ашырбоо. Климат боюнча Париж келишими 30 күндүн ичинде 55 өлкө же абага бөлүнүп чыккан булганыч газдардын 55% үлүшү туура келген өлкөлөр ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.