Жер күнү: булганыч шаарлар

Узак жылдардан бери Орусиянын Челябинск облусундагы Карабаш шаары планетадагы эң булганыч жер деп эсептелчү. Жергиликтүү болот комбинатына тазалоочу жабдык орнотулбагандыктан абага зыяндуу заттар чыгып келген. 
 
 

Орусиянын Норильск шаары да планетадагы кир шаарлардын бири. Шаарга жакын үч металлургиялык завод жайгашкан. Кайдан шамал сокпосун түтүн шаарды каптап, бир нече күн уюлгуп турат. Жыл сайын бул жердеги абага 4 миллионго жакын кадмий, болот, свинец, никель, мышяк, селен жана цинк аралашат. 
 

2015-жылы Пекин шаарында аба Дүйнөлүк саламаттык уюму чектеген нормадан 20 эсе көп булганган. Бир нече күн бою шаарда мектептер, мекемелер жабылып, көчөгө беткапчан чыгууга тыюу салынган. 
 

Пакистандагы Равалпинди шаары дүйнөнүн эң кир шаарларынын катарында. Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан зыяндуу заттар абаны жана сууну булгайт. 

Нигериядагы Нигер дарыясынын жээгинен мунай өндүрүү экологияга олуттуу сокку урду. Бул жерде мунай сууга кошулуп, абага уу заттардын 250дөн көп түрү бүркүлүп турат. Андан айлана-чөйрө эле булганбастан, жергиликтүү тургундар онкологиялык жана дем алуу органдарынын дартына чалдыгышат. 
 

Филиппиндин борбору Манила "таштанды" дарыясы менен атактуу. Жыл сайын бул борбордо 8500 тонна таштанды ыргытылып, анын көбү сууга кошулат.  

Гаитинин борбору Порт-о-Пренс дагы таштандыга толгон шаар. Өлкөнүн өкмөтүндө анын баарын тазалоого каражат жок. Таштанды аябай көбөйүп кеткенде аны жөн эле өрттөп салышат. 

Бангладештеги Хазарибагх шаарындагы булгары иштетүүчү фабрика өзү жайгашкан районду дүйнөнүн эң кир аймагына айлантты. Бул жердин тургундары тери ооруларынан жабыркап, аллергиядан жабыркашат. Бангладештиктер экологияга аяр мамиле кылбайт, жер-суунун баарын тиричилик жана медициналык таштандылары менен толтурушкан. 

 

Индиянын борбору Дели Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, планетанын эң кир аймагы. Абанын негизги булгоочусу завод жана машине түтүнү. 

 

Аргентинадагы Мантаса дарыясынын жээги дүйнөдөгү кир аймактардын бири. Жээктеги анча чоң эмес заводдордон чыккан өндүрүштүк таштандылар түз эле сууга кошулат. Бийликтер дарыяны тазалоого акча бөлгөнү менен жемкорлуктун айынан иш башталбай келет.