Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда бул маалымат Кыргызстандагы мектеп окуучулары боюнча маалыматтарды чогултуу мезгилинде аныкталган:
"Өлкөдөгү окуучулардын 7% же 70 миң чамалуусунун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болуп чыкты. Алардын айрымдары таптакыр күбөлүк алышкан эмес. Айрымдарыныкы жоголуп кеткен", - деди Сарпашев.
Сарпашевдин айтуусунда, учурда балдарды тиешелүү документтер менен камсыз кылуунун үстүндө иштер жүрүп жатат.
Кыргызстанда 2200ден ашуун мектеп бар. Анда 1 миллиондон ашык бала окуйт. (ZKo)