22-апрелде маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт, күндүз Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17,
Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 4...19, күндүз 15...29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 10...15,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2.
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 16...18.