Жайыл районунда катуу шамал болду

Кара-Балта метеостанциясынын билдирүүсү боюнча Чүй облусунун Жайыл районунда бүгүн түнкү саат 03:22дан саат 03:40ка чейин катуу шамал катталды.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө жүргүзүүдө. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок. (RK)