Жарандык коргоо тармагынын өкүлдөрү чукул кырдаалдар түзүлгөн учурда кандай аракеттерди көрүү керектигин үйрөнүүдө. Эки күндүк иш-чара учурунда табийгат кырсыгы каптаган жерде кандай аракеттер жасалыш керектигине басым жасалды. Бүгүн кырсыктардын кесепеттерин жоюу, жабыркагандарга жардам берүү, куткаруунун жол-жоболору боюнча машыгуулар өтөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам аракеттенүү башкармалыгынын жетекчиси Урматбек Шамыркановдун билдиришинче, иш-чара жарандык коргоонун ар кандай кырдаалдарга даярдыгын текшерүүгө багытталган. Машыгууларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тартылды. Кыргызстан сейсмикалык активдүү аймактардын бири. (NT)