Ит жыгылышка айланган спикер шайлоо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

20-апрелде Жогорку Кеңеш төрага шайлай алган жок. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Исаевге 51, Төрөбаевге да 51 добуш тийди. Добуш берүүгө 119 депутат катышты, 3 бюллетень жараксыз болуп калды. 14 депутат экөөнө тең каршы добуш берди. Төраганы шайлоо келерки шаршембиде кайрадан өтөт. Ага жаңы талапкерлер сунушталат.